Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЧҮЙ ОБЛУСУНУН СОКУЛУК РАЙОНУНУН НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 26-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №6- КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 19-августу № 6/46
Э. Сарбашевдин жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Новопавловка айылдык кеңешине жаран Сарбашев Э. М. арыз менен кайрылып, өзүнүн жеке менчигине таандык Новопавловка айыл аймагынын №489 контурундагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы аянты 2,63 га жер тилкесин “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багытындагы жерлер” категориясына которууга уруксат берүү өтүнүчү менен кайрылган.
Кайрылуу боюнча айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү А. Сатыбалдиеванын маалыматын угуп жана талкуулап, жер участокторун которуу боюнча Сокулук райондук комиссиясынын жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын корутундуларынын негизинде, айылдык кеңештин депутаттары тарабынан түзүлгөн актыны эске алып, Новопавловка айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сарбашев Эркенбай Мамановичтин жеке менчигине таандык Новопавловка айыл аймагынын №489 контурундагы “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясындагы аянты 2,63 га жер тилкесин “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багытындагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу Новопавловка айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | А. Абышев |