Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЧҮЙ ОБЛУСУНУН СОКУЛУК РАЙОНУНУН НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 26-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №7-СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 30-сентябры № 7/49
Бирдиктүү тариф бекитүү тууралуу
Новопавловка айылдык кеңешине Новопавловка айылынын балдар бакчасынын башчысы А. Кожакеева арыз менен кайрылган. Арызда тамак аш менен камсыздоо үчүн күнүнө ар балага жергиликтүү бюджеттен 18 сом бөлүнөөрү, ал эми ата-энелер 36 сомдон төлөп жаткандыгы, бардыгы тамак аш үчүн ар балага 54 сом сарпталаарын билдирет. Азыркы учурда тамак-аш азыктарынын кымбаттап жатканына байланыштуу, балдарды тамак аш менен камсыздоо үчүн ата-энелерден кошумча акча каражатын чогултуу зарылчылыгы келип чыккандыгы айтылат. Ошол эле сумманын ичинен балдар үчүн гигиеналык каражаттар үчүн ар кандай чыгымдар кирээрин билдирген. Ошондуктан, ата-энелер тарабынан чогултулуучу акча каражатына бирдиктүү тариф бекитип берүүнү өтүнгөн жана эсептөөлөрдүн жыйынтыгында ар балага күнүнө 60 сомдон айланаарын маалымдайт. Сунушталып жаткан тариф Сокулук районунун бардык балдар бакчаларында киргизилип жаткандыгы айтылат.
Бул маселе боюнча айылдык кеңештин бюджет комиссиясынын төрайымы Н. Сулпукорованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Новопавловка айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Новопавловка айылынын балдар бакчаларынын тарбиялануучуларынын тамак ашы үчүн күнүнө ар балага ата-энелерден чогултулуучу акча каражаты бирдиктүү тариф менен 60 (алтымыш) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу Новопавловка айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | А. Абышев |