Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЧҮЙ ОБЛУСУНУН СОКУЛУК РАЙОНУНУН НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 26-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №10-КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 24-ноябры № 10/89
Новопавловка айыл аймагынын №484 контурундагы айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусуна караштуу жалпы аянты 18,0 га жерин социалдык объекттерди куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө
Новопавловка айыл аймагынын №484 контурундагы айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусуна караштуу жалпы аянты 18,0 га жерин социалдык объекттерди куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу тууралуу Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Б. Болоткан уулу тарабынан жиберилген 23.11.2021-ж. №2753-ББ катынын негизинде Новопавловка айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Новопавловка айыл аймагынын №484 контурундагы айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусуна караштуу жалпы аянты 18,0 га жерин социалдык объекттерди куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Новопавловка айыл өкмөтүнө жерге жайгаштыруу документтерин Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна жиберүү тапшырылсын.
Төрага | А. Абышев |