Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЧҮЙ ОБЛУСУНУН СОКУЛУК РАЙОНУНУН НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 26-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №11-КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 15-декабры № 11/91
“Ак-Ордо” конушундагы Э. Иманалиев жана З. Ажыматов көчөлөрүн реконструкциялоо жөнүндө
2021-жылдын 22-ноябрында Новопавловка айыл аймагынын “Ак-Ордо” конушунда Кыргыз Республикасынын Президенти С. Н. Жапаровдун эл менен болгон жолугушуусунда Э. Иманалиев жана З. Ажыматов көчөлөрүн реконструкцияло боюнча тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына протоколдук тапшырмалар берилген.
Жогорудагы маселе боюнча айылдык кеңештин жер иштери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү Майрамбек уулу Сыргактын маалыматын угуп жана талкуулап, Новопавловка айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Э. Иманалиев жана З. Ажыматов көчөлөрүндөгү жолду реконструкциялоо үчүн кеңейтүү максатында жол тилкесине кирип кеткен мыйзамсыз курулуштар алынсын.
2. Э. Иманалиев (2,5 км) жана З. Ажыматов (1,650 км) көчөлөрүндөгү жолго асфальт төшөлсүн.
3. Асфальтталган жолдун жээгине тротуар жана арыкча курулсун, жол чырактары жана жол жарыгы орнотулсун.
4. Реконструкцияланган жолдун эки жерине (1. Э. Иманалиев көчөсүндөгү №498 жана №477-контурларынын кесилиши. 2. Э. Иманалиев жана З. Ажыматов көчөлөрүнүн кесилиши) жер астындагы өтмөк курулсун.
5. Новопавловка айыл өкмөтүнө токтомду аткаруу тапшырылсын.
Төрага | А. Абышев |