Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЧҮЙ ОБЛУСУНУН СОКУЛУК РАЙОНУНУН НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 26-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №11-КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 15-декабры № 11/98
2021-жылдын бюджетин тууралаштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан кирешелер планы тууралаштырылгандыгына байланыштуу Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы О. Омуровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Новопавловка айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бюджеттин кирешелер салыгынын планы 4 265 500 (төрт миллион эки жүз алтымыш беш миң беш жүз) сомго көбөйтүлсүн жана ошончого чыгашалар бөлүгү көбөйтүлсүн.
Кирешелер бөлүгү төмөндөгү салыктар боюнча көбөйтүлсүн:
| Салыктын түрлөрү | 4 квартал |
11111100 | Агент тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы | +4265500 |
Бөлүм 70629 “Турак-жай коммуналдык чарба” (“ЖКХ”)
IV кварталга көбөйтүлсүн
3111 статьясы “Имараттар жана курулуштар” (“Здания и сооружения”) көбөйтүлсүн + 2526200 сом.
2221 статьясы “Мүлктү тейлөө боюнча чыгымдар” (“Расходы на текущий ремонт имущества”) көбөйтүлсүн + 1739100 сом.
Бардыгы: 4 265 500 (төрт миллион эки жүз алтымыш беш миң беш жүз) сом.
2. 14232400 квалификациясы боюнча атайын эсеп 1000000 (бир миллион) сомго азайтылсын.
Бөлүм 70911 “Мектепке чейинки билим берүү атайын эсеби” (“Дошкольное образование, спец.счет”)
IV кварталга азайтылсын
2218 статьясы “Тамак-аш сатып алуу”(приобретение продуктов питания) - 1000000 сомго азайтылсын.
Бардыгы: 1000000 (бир миллион) сом.
Төрага | А. Абышев |