Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЧҮЙ ОБЛУСУНУН СОКУЛУК РАЙОНУНУН НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 26-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №12-КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2022-жылдын 4-февралы № 12/100
Новопавловка айылдык аймагынын 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы тууралуу
Новопавловка айылдык аймагынын 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы тууралуу Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы О. Омуровдун отчетун угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин бюджет, финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н. Сулпукарованын корутундусун эске алып, Новопавловка айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Новопавловка айылдык аймагынын 2021-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү планынын ишке ашырылышы боюнча Новопавловка айыл өкмөтүнүн аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы О. Омуровго курулуш иштеринин сапаты тууралуу депутаттар тарабынан айтылган сын-пикирлер боюнча берилген протоколдук тапшырмаларды аткаруу милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | А. Абышев |