Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЧҮЙ ОБЛУСУНУН СОКУЛУК РАЙОНУНУН НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 26-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №13-СЕССИЯСЫ
2022-жылдын 15-февралы № 13/102
Новопавловка айыл аймагынын №213 контурунда жайгашкан жалпы аянты 9,89 га жайыт жерлерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына социалдык объекттерди куруу үчүн которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Османовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Новопавловка айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Новопавловка айылдык аймагынын №213 контурундагы жалпы аянты 9,89 га жайыт жерлерин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына социалдык объектилерди куруу максатында которууга макулдук берилсин.
2. Новопавловка айыл өкмөтү жерге жайгаштыруу иш-кагаздарын Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын кароосуна жөнөтсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы О. Омуровго жүктөлсүн.
Төрага | А. Абышев |