Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЧҮЙ ОБЛУСУНУН СОКУЛУК РАЙОНУНУН НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 26-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №13-СЕССИЯСЫ
2022-жылдын 15-февралы № 13/103
2022-жылга Новопавловка айыл аймагынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
2022-жылга Новопавловка айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин долбоорун угуп жана талкуулап, Новопавловка айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Новопавловка айыл аймагынын 2022-жылга бюджети атайын каражаттарды эсепке алуу менен 134836,2 мин сом киреше жана чыгаша жагынан бекитилсин.
2. Бюджеттин киреше бөлүгү атайын каражаттарды эске алуу менен 134836,2 миң сом суммасында бекитилсин, анын ичинде атайын каражаттар 3338,0 миң сом, атайын каражаттарды кошпогондо 131498,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2022-жылдын бюджети №1-тиркемеге ылайык булактардан түшкөн кирешелерден түзүлөт.
3. 2022-жылга бюджеттин чыгаша бөлүгү атайын каражаттарды эсепке алуу менен 134836,2 миң сом, анын ичинде атайын каражаттар 3338,0 миң сом, атайын каражаттарды кошпогондо 131498,2 миң сом, негизги классификациялык топтор боюнча бюджеттик мекемелер үчүн бюджеттен учурдагы ресурстарды каржылоого 131498,2 миң сом өлчөмүндө №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Новопавловка айыл аймагынын 2022-2023-жылдарга киреше бөлүгүнүн болжолу №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. 2022-жылга бюджеттин чыгашаларын каржылоо корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондго чегерүү, тамак-аш), ошондой эле коммуналдык төлөмдөр боюнча артыкчылыктуу негизде, ал эми иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
6. Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысына 2022-жылга карата айылдык кеңеш менен макулдашылган пландан түшкөн кирешелерди ашыкча пайдаланууга уруксат берилсин.
7. Новопавловка айыл өкмөтүнүн 2022-жылга штаттык расписаниеси №4- тиркемеге ылайык, ал эми жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекемелердин штаттык расписаниеси №5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
8. Новопавловка айыл өкмөтүнө учурдагы накталай акча каражаты 100,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. Жарандык коргонууга 1000,0 миң сом каралсын.
10. Республикалык бюджеттен берилген ыйгарым укуктар боюнча каражаттарды алууда аларды багыттар боюнча жана натыйжалуу пайдалануу каралсын.
11. 2022-жылдын 1-январына карата кирешелердин чыгашалардан ашуусу (эркин калдык) 67331336 сом өлчөмүндө, атайын каражаттардын эсептери 1007357 сом өлчөмүндө № 6-тиркемеге ылайык бекитилсин жана бөлүштүрүлсүн.
12. Өндүрүштүк муктаждыктары менен бекитилген сметага ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысына буйрукка ылайык акча каражаттарын которууга укук берилсин.
13. Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Б. Айтмамбетовага жүктөлсүн.
Төрага | А. Абышев |