Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЧҮЙ ОБЛУСУНУН СОКУЛУК РАЙОНУНУН НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 26-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №13-СЕССИЯСЫ
2022-жылдын 15-февралы № 13/105
Эмгектин өзгөчө шарттары үчүн кызматтык маяналарга 20% өлчөмүндө кошумча акыларды белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин “Шарттарда акы төлөө” 164, 224-беренелерине жана “Оор жумуштар жана эмгек шарттары зыяндуу же кооптуу жумуштар үчүн кошумча акыларды белгилөө жөнүндө” Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги №258 токтому менен бекитилген “Компьютер, эмгектин өзгөчө шарттары бар жумуштардын типтүү тизмесинин” 42-бөлүмүнүн “Эмгектин бардык тармактарына мүнөздүү зыяндуу жана оор шарттардагы жумуштар” Жобосунун 1-пунктунун (оор жумуш, өзгөчө климаттык шарттарда иштөө), 2021-жылдын 28-декабрындагы “Электромагниттик нурлануунун деңгээлин өлчөө тууралуу” №278-протоколунун жана аттестациялык комиссиянын 2022-жылдын 18-январындагы №2-протоколунун негизинде, Новопавловка айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аттестациялык комиссиянын 2022-жылдын 18-январындагы №2-протоколуна ылайык, 2022-жылдын январь айынан баштап айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин кызматтык маянасына 20% өлчөмүндө кошумча төлөмдөр белгиленсин.
Төрага | А. Абышев |