Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЧҮЙ ОБЛУСУНУН СОКУЛУК РАЙОНУНУН НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 25-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №47-КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 25-февралы № 47/313
Айыл өкмөтүнүн юридикалык дарегине жарандарды каттоо жөнүндө
Новопавловка айыл өкмөтүнө жарандарды айыл өкмөтүнүн юридикалык дарегине каттоо маселесин кароо өтүнүчү менен Новопавловка айыл өкмөтүнөн кат келип түшкөн. Айыл аймагынын аймагында ички миграцияны эске алуу менен калктын санынын өсүү тенденциясы байкалгандыктан, каттоосу (пропискасы) жок көптөгөн жарандар айыл өкмөтүнүн юридикалык дарегине каттатуу үчүн кайрылышат. Каттоо үчүн уруксат берилгенде, бул массалык жана башкарууга мүмкүн эмес жагдайга алып келиши мүмкүн.
Бул маселе боюнча айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси Бактыбай кызы Аселдин маалыматын угуп жана талкуулап, Новопавловка айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү категориядагы жарандарды кошпогондо, Новопавловка айыл өкмөтүнүн юридикалык дареги боюнча каттоосу жок жарандарды каттоого тыюу салынсын.
- балдар, жетим балдар;
- кайрылман статусуна ээ болгон жарандар;
- Качкын статусу бар жарандар.
2. Бул токтомду аткарууну Новопавловка айыл өкмөтү жетекчиликке алсын.
Төрага | Д. Эркинбек уулу |