Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЧҮЙ ОБЛУСУНУН СОКУЛУК РАЙОНУНУН НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 25-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №47-КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 25-февралы № 47/314
Калкты социалдык жактан коргоо боюнча
Новопавловка айылдык кеңешине Новопавловка айыл өкмөтүнөн айыл аймагынын тургундарына материалдык жардам көрсөтүү маселесин кароо өтүнүчү менен кат келип түшкөн. Айыл аймагынын аймагында ички миграцияны, жумушсуз жарандардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдүн, жарым жетимдердин, калктын санынын өсүү тенденциясы байкалгандыктан, жакырлар да өсүүдө. Материалдык жардам сурап кайрылгандар көп, айыл өкмөттүн бюджети социалдык жактан коргоону толук камсыздай албай жатат.
Бул маселе боюнча айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси Ж. Кенжалиеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Новопавловка айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Новопавловка айыл аймагынын калкынын аярлуу катмарына материалдык жардам көрсөтүү каттоонун негизинде жана Новопавловка айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча комиссиясынын чечими боюнча берилсин.
2. Бул токтомду аткарууну Новопавловка айыл өкмөтү жетекчиликке алсын.
Төрага | Д. Эркинбек уулу |