Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЧҮЙ ОБЛУСУНУН СОКУЛУК РАЙОНУНУН НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 25-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №47-КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 25-февралы № 47/316
"Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө
Новопавловка айылынын «Кудайберген» турак-жай массивинде инвесторлордун жардамы менен таза суу менен камсыздоо долбоору пландалууда. Инженердик-техникалык шарттар иштелип чыккан, суу алгыч куруу үчүн трансформацияланган жер тилкеси талап кылынат.
Бул маселе боюнча айылдык кеңештин депутаты Н. Алыбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Новопавловка айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Суу алгыч куруу үчүн Новопавловка айыл аймагынын №252 контурундагы жалпы аянты 0,42 га жайыт жерлери «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулсун.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Батыровго жүктөлсүн.
Төрага | Д. Эркинбек уулу |