Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЧҮЙ ОБЛУСУНУН СОКУЛУК РАЙОНУНУН НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 25-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №47-КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 25-февралы № 47/319
Айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкалары:
Жергиликтүү кеңештер айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын кыртыштын бонитет баллын эске алуу менен, ошондой эле айыл чарба жерлерин пайдаланбагандык үчүн, форс-мажордук жагдайлардан тышкары, календардык жыл ичинде бир жолудан ашык эмес жогорулатууга укуктуу.
Бул маселе боюнча Новопавловка айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси П.Каримов маалыматын угуп жана талкуулап, Новопавловка айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарба багытындагы жерлердин 1 гектары үчүн жер салыгынын төмөндөгүдөй базалык ставкалары бекитилсин:
Сугат жер 430,69 сом;
Кайракы жер 67,20 сом;
Чөп чабындылар 13,90 сом;
Жайыт 7,8 сом.
Төрага | Д. Эркинбек уулу |