Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЧҮЙ ОБЛУСУНУН СОКУЛУК РАЙОНУНУН НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 25-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №47-КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 25-февралы № 47/320
Турак жайдын жанындагы, короо-жай жана бакча участокторун пайдалануу үчүн жана калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалануу үчүн зоналык коэффициентти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын ставкасы:
Kз зоналык коэффициентинин маанилери жергиликтүү кеңештер тарабынан 3 жылда бир жолу, экономикалык пландаштыруу зоналарынын өзгөчөлүктөрүнө жараша үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан кечиктирбестен белгиленет.
Бул маселе боюнча Новопавловка айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси П.Каримов маалыматын угуп жана талкуулап, Новопавловка айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жанаша чарбалык жана бакчалык жер участокторун пайдалануу үчүн жана калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалануу үчүн зоналык коэффициент 1,2 ге барабар бекитилсин.
Төрага | Д. Эркинбек уулу |