Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЧҮЙ ОБЛУСУНУН СОКУЛУК РАЙОНУНУН НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 25-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №48-КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 10-марты № 48/337
Жайыт комитетинин тарифтерин бекитүү жөнүндө
Новопавловка айылдык кеңешине Новопавловка айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы кайрылып, жайыттарда мал жаюуга жана башка максаттарга тарифтерди бекитүүнү суранган.
Жайыт комитетинин төрагасы К. Кожомбердиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Новопавловка айылдык кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыттарда мал жаюуга төмөндөгү тарифтер бекитилсин:
1) Жылкы, бодо мал үчүн ар башына айына – 100 сом;
2) Майда жандыктар (кой, эчки) үчүн ар башына айына – 20 сом.
2. Жайыттарды башка максаттарда пайдалангандыгы үчүн төмөндөгү акы төлөө бекитилсин:
1) Жарандардын эс алуусу, маданий жайыт ж.б. 1 м2 үчүн – 3,8 сом;
2) Башка максаттар (пайдаланылбаган жайыт жерлер) 1 м2 үчүн – 1,0 сом;
3) Чөп чабуу, бал аарычылык 1 м2 үчүн – 0,30 сом
3. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Батыровго жүктөлсүн.
Төрага | Д. Эркинбек уулу |