Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЧҮЙ ОБЛУСУНУН СОКУЛУК РАЙОНУНУН НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 25-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №49-КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 21-апрели № 49/342
Социалдык объектилерди куруу үчүн жер участогу менен камсыз кылуу жөнүндө
Новопавловка айылдык кеңешине Новопавловка айыл өкмөтү кат менен кайрылып, Новопавловка айыл аймагынын “Ак-Ордо” конушунун №488-контурунун “В” кварталында жайгашкан аянты 5545,8 м2 жер тилкесин жалпы билим берүү мектебин куруу үчүн бөлүп берүүнү суранган.
Бул маселе боюнча Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Батыровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Новопавловка айылдык кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Новопавловка айыл аймагынын “Ак-Ордо” конушунун №488-контурунун “В” кварталында жайгашкан аянты 5545,8 м2 жер тилкесин жалпы билим берүү мектебин куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Батыровго жүктөлсүн.
Төрага | Д. Эркинбек уулу |