Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЧҮЙ ОБЛУСУНУН СОКУЛУК РАЙОНУНУН НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 25-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №49-КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 21-апрели № 49/367
Жамааттык келишимде каралган төлөмдөр боюнча бюджетти бекитүү жөнүндө
2020-жылдын январында Новопавловка айыл өкмөтүнүн администрациясы менен профсоюздук комитетинин 2020-2022-жылдарга Новопавловка айылдык кеңеши менен макулдашылып, рынок экономикасынын шарттарында кызматкерге эмгек жана социалдык төлөмдөрдү жөнгө салуучу жамааттык келишими түзүлгөн.
Новопавловка айыл өкмөтүнүн профсоюздук комитетинин төрагасы А. Тойтуковдун жамааттык келишимде каралган кызматкерлер үчүн социалдык кепилдиктердин аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Новопавловка айылдык кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Новопавловка айылдык кеңеши, Новопавловка айыл өкмөтү жана профсоюздук комитет тарабынан бекитилген жамааттык келишимдин III бөлүмүндө көрсөтүлгөн учурларда кызматкерлерге материалдык жардам көрсөтүү үчүн бюджетте каралган каражаттар бекитилсин.
2. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Батыровго жүктөлсүн.
Төрага | Д. Эркинбек уулу |