Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЧҮЙ ОБЛУСУНУН СОКУЛУК РАЙОНУНУН НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 26-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №4-КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 14-июну № 4/17
Новопавловка айылдык кеңешинин 21.05.2021-ж. №2/5 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А. Садыралиева өзүнүн баяндамасында 2021-жылдын 21-майында өткөн 2-сессияда айылдык кеңештин туруктуу комиссияларын бекитип жатканда, Регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссия түзүлбөй калгандыгын айтып, бул маселеге кайрылуу сунушун билдирген.
А. Садыралиеванын баяндамасын угуп жана талкуулап, Новопавловка айылдык Кенешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Новопавловка айылдык кеңешинин 21.05.2021-ж. №2/5 токтомунун 1-пунктунун 3-пунктчасына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Регламент, этика, укуктук жана социалдык (саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, дин иштери жана социалдык өнүгүү) маселелер боюнча боюнча туруктуу комиссиясы.
2. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А. Садыралиевага тапшырылсын.
Төрага | А. Абышев |