Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЧҮЙ ОБЛУСУНУН СОКУЛУК РАЙОНУНУН НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 26-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №7 СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 30-сентябры № 7/58
Новопавловка айылдык кеңешинин 2021-жылдын 25-февралындагы №47/317 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Сатыбалдиеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Новопавловка айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Новопавловка айылдык кеңешинин 2021-жылдын 25-февралындагы №47/317 токтому жокко чыгарылсын.
2. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы О. Омуровго тапшырылсын.
Төрага | А. Абышев |