Загрузка документа…
НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ЧҮЙ ОБЛУСУНУН СОКУЛУК РАЙОНУНУН НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 26-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №9 КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2021-жылдын 19-ноябры № 9/77
Чүй облусундагы Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагынын Новопавловка айыл өкмөтүнүн Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде, Новопавловка айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Чүй облусундагы Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагынын Новопавловка айыл өкмөтүнүн Уставы” тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Чүй облусундагы Сокулук районунун Новопавловка айылдык кеңешинин 2021-жылдын 29-январындагы “Чүй облусундагы Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагынын Новопавловка айыл өкмөтүнүн Уставын кайра каттоо жөнүндө” №46/304 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. “Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагынын Новопавловка айыл өкмөтү” мекемеси белгиленген тартипте кайра каттоодон өткөрүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы О. О. Омуровго жүктөлсүн.
5. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө токтомдо андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | А. Абышев |