Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 29-декабры № 1
Чаткал райондук өнүктүрүү фондусуна сунуштоо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 28.12.2021-жылдагы №01-18/1222 чыгыш сандуу кайрылуусунун негизинде Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу ар бир айылдардын башкы планын иштеп чыгуу үчүн топосёмка жасатууга керектелүүчү акча каражатын Чаткал райондук өнүктүрүү фондусуна сунуштоо боюнча карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу ар бир айылдардын башкы планын иштеп чыгуу үчүн топосёмка жасатууга 2 470 465 (эки миллион төрт жүз жетимиш миң төрт жуз алтымыш беш) сом акча каражаты Чаткал райондук өнүктүрүү фондусуна сунушталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө ”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине, иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |