Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2021-жылдын 29-декабры № 2
Чаткал райондук өнүктүрүү фондусуна сунуштоо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 29.12.2021-жылдагы №01-18/1231 чыгыш сандуу кайрылуусунун негизинде Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн чарбалык жумуштарга Экскаватор керек болуп жаткандыгына байланыштуу 22 270 000 (жыйырма эки миллион эки жүз жетимиш миң) сом акча каражатын Чаткал райондук өнүктүрүү фондусуна сунуштоо боюнча карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн чарбалык жумуштарына Экскаватор керек болуп жаткандыгына байланыштуу 22 270 000 (жыйырма эки миллион эки жүз жетимиш миң) сом акча каражаты Чаткал райондук өнүктүрүү фондусуна сунушталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө ”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине, иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |