Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2021-жылдын 29-декабры № 3
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын 2021-жылдын 29-октябрындагы №27 токтомунуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 28.12.2021-жылдагы №01-18/1225 чыгыш сандуу кайрылуусунда көрсөтүлгөн Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын 2021-жылдын 29-октябрындагы №27 токтомунуна өзгөртүү киргизүү боюнча жазган кайрылуусун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясынын 2021-жылдын 29-октябрындагы №27 токтомунуна төмөнкүчө өзгөртүү киргизилсин:
токтомдун 2-пунктундагы “Каныш-Кыя айылындагы С.Байдөөлөтов атындагы инновациялык жалпы орто билим берүүчү мектебинин карамагындагы бокс залын оңдоп тузөө иштерин жүргүзүүгө жана спорт инвентарларын алууга долбоор сметасы даярдалсын” деген сөздөр мектепке китеп кана кылууга долбоор сметасы даярдалсын деген сөздөргө алмаштырылсын. Долбоор сметасында көрсөтүлгөн 618 412 (алты жүз он сегиз миң төрт жүз он эки) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |