Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2022-жылдын 11-февралы № 1
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин иш планын бекитүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин 2022-жылга карата түзүлгөн иш планын карап чыгып жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин 2022-жылга карата түзүлгөн иш планы бекитилсин.
2. Түзүлгөн иш планга ылайык сессияга өз убагында материал даярдоо жагы туруктуу комитеттерге эскертилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө ”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басарына жана жооптуу катчысына тапшырылсын
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |