Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2022-жылдын 11-февралы № 2
Депутат Ормошев Азаматбек Абдрасуловичтин арызын кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ормошев Азаматбектин турмуш шартына байланыштуу депутаттык мандатын тапшыруу жөнүндөгү арызын карап чыгып
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин депутаты Ормошев Азаматбектин арызы канааттандырылсын.
2. Депутат А.Ормошевдин мандатын тапшыруу боюнча сунуш жана кезектеги округдук депутаттык кандидатураны кароо жагы Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
3. Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басарлыгына депутат Качканаков Усубалы Нурмуканбетович дайындалсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө ”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |