Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2022-жылдын 11-февралы № 5
Каныш-Кыя айыл аймагынын бюджетинин 2021-жыл ичинде аткарылышын кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2021-жыл ичиндеги бюджетинин аткарылышы боюнча финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын берген маалыматын угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын 2021-жыл ичиндеги бюджетинин аткарылышы боюнча финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын берген маалыматы эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 2021-жылдын 12 айына жыл башында 120 500 700 (бир жүз жыйырма миллион беш жүз миң жети жүз) сомго план бекитилип берилсе, чыгаша бөлүгү жылдын жыйынтыгында 175 040 200 (бир жүз жетимиш беш миллион кырк миң эки жүз) сомго такталып, аткаруу жагы 189 018 900 (бир жүз сексен тогуз миллион он сегиз миң тогуз жүз) сомго такталган планга салыштырмалуу 13 978 700 (он үч миллион тогуз жүз жетимиш сегиз миң жети жүз) сомго же 108% көп кириштелгендиги белгиленсин.
3. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө кошумча каражат түшүрүү боюнча иш алып баруу, анын ичинде кен казуу тармагында ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан кичи ишканаларды (субподряддык компаниялар) каттоого алуу, салык төлөмдөрүн өз учурунда топтоо боюнча иш алып баруу жагы финансы экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө ”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине милдеттендирилсин
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |