Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2022-жылдын 11-февралы № 6
2021-жылдан калган акча каражатын тармактарга бөлүштүрүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинде 2021-жылдан калган акча каражатын тармактарга бөлүштүрүү боюнча айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековдун билдирүүсүндө көрсөтүлгөн маалыматтарды угуп жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБнын билдирүүсү эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинде 2021-жылдан калган акча каражатын тармактарга бөлүштүрүү 3-тиркемеге ылайык жана атайын каражаттар эсебинен калган каражаттар 4-тиркемеге ылайык бөлүштүрүлсүн.
3. Айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнө жана бюджеттик мекеме - уюмдардын жетекчилерине белгиленген лимиттерди максаттуу пайдалануу жагы тапшырылсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө ”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |