Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2022-жылдын 11-февралы № 7
“Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына техника сатып алуу жөнүндө
“Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына түшкөн акча каражатынан (JCB JC305 LC, Sinotruk Howo ZZ 4327, WPZ 9302Z , Sinomach GYS 182, Sinotruk Howo ZZ 3327) техникаларын сатып алууга уруксат берүү максатында Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
токтом кылат:
1. “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына түшкөн акча каражатына 1 даана JCB JC305 LC үлгүсүндөгү экскаватор, 1 даана Sinotruk Howo ZZ 4327 үлгүсүндөгү трал техникасы, 1 даана WPZ 9302Z үлгүсүндөгү трал техникасынын прицеби, 1 даана Sinomach GYS 182үлгүсүндөгү жол тегиздөөчү каток техникасы жана 2 даана Sinotruk Howo ZZ 3327 үлгүсүндөгү 25 тонналык жүк ташуучу унаа.
2. Аталган техникалардын өздүк баасы бүгүнкү күндөгү АКШ долларынын курсу менен эсептегенде 41 131 500 (кырк бир миллион бир жүз отуз бир миң беш жүз) сом болгондуктан, 30 %(пайызы) 12 339 450 (он эки миллион үч жүз отуз тогуз миң төрт жүз элүү) сом жана ушул техникаларды 5(беш) жылдык мөөнөткө камсыздандыруу үчүн кошумча акча каражаты 658 104 (алты жүз элүү сегиз миң бир жүз төрт) сом жана баажы алымы үчүн 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом акча каражаты Айыл Банктагы ачылган транзиттик эсепке төлөнсун.
3. Каныш-Кыя айыл аймагы, “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасы Айыл Банктан болгон карызы төлөнбөй калган учурда төлөө жагын өз кепилдигине алсын.
4. “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына Айыл Банктан алынуучу аталган техникаларды лизингге сатып алууда кепилдик кат берүүсү айыл аймак башчысына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом айылдык Кеңештин депутаттарынын сессиясында “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу” мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруунун финансылык- экономикалык негиздери жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык жабылды.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө ”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |