Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2022-жылдын 11-февралы № 8
Каныш-Кыя айыл аймагынын 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүңдө
Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2022-жылга карата түзүлүшү боюнча айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековдун билдирүүсүндөгү көрсөтүлгөн маалыматтарды угуп жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
Токтом кылат :
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү жергиликтүү салыктардан жана жыйымдардан топтоонун көлөмү № 1- тиркеменин негизинде 2022-жылга карата 223 080 200 (эки жүз жыйырма үч миллион сексен миң эки жүз) сом, анын ичинен атайын каражат салыгына 1 940 000 (бир миллион тогуз жүз кырк миң) сом өлчөмүндө бекитилсин жана өз убагында жыйноону камсыздоо Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
2 Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү № 2 тиркеменин негизинде 2022-жылга карата 223 080 200 (эки жүз жыйырма үч миллион сексен миң эки жуз миң) сом, анын ичинен атайын каражат салыгына 1 940 000 (бир миллион тогуз жүз кырк миң) сом өлчөмүндө бекитилсин. Эң биринчи кезекте эмгек акыга, социалдык фондго чегерүүгө жана коммуналдык чыгымдарга, бала бакчалардын тамак-ашына, сапар чыгымдарына жумшалары белгиленсин.
3. Кыргыз Рсепубликасынын бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык айыл аймагынын бюджетинин чыгымдарынын көлөмүнүн 1% же 2 230 800 (эки миллион эки жүз отуз миң сегиз жүз) сом өлчөмүндө айыл аймагынын резервдик фондусу түзүлсүн. Ошондой эле ушул мыйзамдын 110-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, айыл аймагынын бюджетинин кассалык накталай жүгүртүлүүчү акча каражатынын көлөмү жыл башына карата 200,0 (эки жүз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн көлөмү 2023-жылга 231 251 700 (эки жүз отуз бир миллион эки жүз элүү бир миң жети жүз) сом, 2024-жылга 238 712 000 (эки жүз отуз сегиз миллион жети жүз он эки миң) сом өлчөмүндө белгиленсин.
5. Айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнө бюджеттик мекеме - уюмдардын жетекчилерин белгиленген лимиттерди максаттуу пайдалануу жагы тапшырылсын.
6. Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнө караштуу бала бакчаларга берилүүчү тамак-аштын көлөмү бир балага бир күнгө 52 (элүү эки) сом өлчөмүндө жана ата-энелердин бир айлык төлөмү (ата-энелердин взносу) бир балага 400 (төрт жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын финансы экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
10. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |