Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2022-жылдын 11-февралы № 9
Каныш-Кыя айыл аймагынын социалдык-экономикалык программасын бекитүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын 2022-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү программасын карап чыгып жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясынын
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын 2022-жылга карата түзүлгөн социалдык- экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин.
2. Программага киргизилген иштерди өз убагында аткарууда айыл аймагынын кызматкерлери менен айылдык Кенештин тиешелүүлүгүнө карата туруктуу комитеттери тыгыз байланышта иш алып баруу жагы тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө ”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы К.Смаиловго жана Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары У.Качканаковго милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |