Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2022-жылдын 11-февралы № 12
Жарандардын кайрылууларын кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү турмуш шарты оор, ден соолугуна байланыштуу жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн акчалай жардам берүү боюнча кайрылууларын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү жардамга муктаж жарандардын кайрылуулары эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Жер-Капчыгай айылынын тургуну Сатиев Жеңишбек кызы Мадамилбекова Каныкейди дарыланууга алып баруу үчүн 50 000 сом, Сулайманова Гүлзаада өзү дарыланууга баруу үчүн 50 000 сом,Айгыр-Жал айылынын тургундары Миңбаева Айчолпон дарылануу үчүн 50 000 сом,Назаров Асан кызы Кочкорбаева Асеманын дарылануусуна 50 000 сом, Мырзагулов Чыңгыз дарыланууга 40 000 сом, Курманбаева Сонунбүбү жолдошу Мусабаев Жапаркулдун жүрөк операциясына 50 000 сом,Чакмак-Суу айылынын тургуну Чоңатаева Айтбүгө уулу Кошалиев Өмүрбекти Стамбул шаарына дарыланууга алып баруу үчүн 50 000 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук
мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы экономика бөлүмүнө тапшырылсын.
6. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |