Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2022-жылдын 11-февралы № 13
Жаш спортчуларды колдоо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Каныш-Кыя, Башкы-Терек айылдарынын жаш спортчулары зборго баруу үчүн Каныш-Кыя айылдык Кеңешине жазган кайрылууларын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя, Башкы-Терек айылындагы жаш спортчулардын зборго баруу боюнча жазган кайрылуулары эске алынсын.
2. Каныш-Кыя, Башкы-Терек айылдарындагы спортчулар Бейшенов Жумадилге, Алмасбеков Нурдөөлөткө зборго баруу үчүн 50 000 (элүү миң) сомдон, Абдимаматов Сыймык Таиланд мамлекетине сборго барып келүүгө 50 000 (элүү миң) сом, Бейшеналы уулу Дастан Беларусь Республикасында өтүүчү эл аралык классикалык күрөшкө барып келүү үчүн 50 000 (элүү миң) сомдон жалпы 200 000 (эки жүз миң) акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук
мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин бюджет, финансы, экономика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |