Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2022-жылдын 11-февралы № 14
Турмуш шарты оор окуучуларга жардам берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2021-жылдын 13-декабрындагы “Башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” №561 жарлыгын ишке ашыруу максатында Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 08.02.2022-жылы №01-18/96 чыгыш сандуу жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагы боюнча турмуш шарты оор 49 үй-бүлөдөгү 126 окуучуну окуу куралдары жана жылуу кийимдер менен камсыздоо үчүн 245 550 (эки жүз кырк беш миң беш жүз элүү) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук
мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө тапшырылсын
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин бюджет, финансы, экономика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |