Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2022-жылдын 11-февралы № 15
Көрктөндүрүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 07.02.2022-жылдагы № 01-18/91 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айылынын Шамалды-Сай участкасындагы 0,5 га жер аянтына Алтай сортундагы чычырканактын көчөттөрун отургузуу максатында жазылган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылынын Шамалды-Сай участкасына 0,5 га жер аянтына чычырканактын көчөттөрүн отургузуу үчүн, Алтай сортундагы көчөттөрдү сатып алууга 120 000 (бир жүз жыйырма миң) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук
мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө тапшырылсын.
6. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин бюджет, финансы, экономика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |