Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2022-жылдын 11-февралы № 16
Мектепке ысым ыйгаруу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 09.02.2022-жылдагы № 01-18/99 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Чакмак-Суу айылындагы Чакмак-Суу жалпы билим берүүчү орто мектебине коомдук ишмер Темиркул Кошбаевдин ысымын ыйгаруу боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Чакмак-Суу жалпы билим берүүчү мектебинин эмгек жамаатынын чогулушунун №1 токтому жана ата-энелер чогулушунун №2 токтому эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтунө караштуу Чакмак-Суу айылындагы Чакмак-Суу жалпы билим берүүчү орто мектебине коомдук ишмер Темиркул Кошбаевдин ысымы ыйгарууга макулдук берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук
мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |