Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2022-жылдын 11-февралы № 17
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу ар бир айылдардын башкы планын иштеп чыгуу үчүн топосёмка жасатууга акча каражаттарын которуп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 11.02.2022-жылдагы №01-18/110 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу ар бир айылдардын башкы планын иштеп чыгуу үчүн топосёмка жасатууга керектелүүчү акча каражатын Чаткал райондук өнүктүрүү фондусуна сунуштоо боюнча Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин XI сессиясынын №1 токтомуна өзгөртүү киргизип акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү боюнча жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
Токтом кылат:
6. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусу эске алынсын.
7. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу ар бир айылдардын башкы планын иштеп чыгуу үчүн топосёмка жасатууга 2 470 465 (эки миллион төрт жүз жетимиш миң төрт жуз алтымыш беш) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
8. Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин 29.12.2021-жылдагы №1 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
9. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук
мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
10. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине, иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |