Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2022-жылдын 11-февралы № 18
Калктын ден соолугуна кам көрүү жөнүндө
Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы жалпы дарыгерлик практикалык борборунун директору М.Исмаиловдун 11.02.2022-жылы №01-12/153 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
Токтом кылат:
1. М.Исмаиловдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Чаткал райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун төрөт бөлүмү үчүн эне жана наристелердин коопсуздугун алдын алуу максатында, инструменттерди стерилизациялоого автоклав аппаратын алууга 180 000 (бир жүз сексен миң) сом акча каражатын Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүүдө, мыйзамдуулугун карап иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук
мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |