Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2022-жылдын 11-февралы № 20
Спорт шаймандарын алып берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылындагы Т.Эрматов атындагы спорт мектебине спорт шаймандарды алып берүү боюнча жаштардын кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айылындагы жаш спортчулардын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу ар бир айылга 1(бир) даанадан жана ӨБСМне 7 (жети) даана жалпы 16 (он алты) даана волейбол топторун жана башка спорттук шаймандарды алууга 168 000 (бир жүз алтымыш сегиз миң) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине, иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |