Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2022-жылдын 11-февралы № 23
Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин 2022-жылга карата түзүлгөн сметасын, мал башына төлөнүүчү жана техникалардын кызмат көрсөтүү тарифтерин, штаттык бирдигин жана пайдалануучу жайыт аянтын бекитип берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Н.Жолдошевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин 2022-жылга карата түзгөн сметасы, 2022-жылга пландаштырылган мал башына төлөнүүчү жана техникалардын кызмат көрсөтүү тарифтерин, штаттык бирдиги жана пайдаланууга 66043 га жайыт аянты жалпы (№1,2,3,4,5,6,7,8,9) тиркемеге ылайык туруктуу комитеттердин карап чыгуусу менен бекитилсин.
3. Жайыт комитетинин 2022-жылга карата бюджети жалпы 7 335 660 (жети миллион үчжүз отуз беш миң алты жүз алтымыш) сомго бекитилсин, анын ичинен техникалардан болжолдуу түшүүчү каражат 4 125 575 (төрт миллион бир жүз жыйырма беш миң беш жүз жетимиш беш) сомго, жайыт акысынан түшүчү каражат 1 710 085(бир миллион жети жүз он миң сексен беш) сомго бекитилип, анын ичинен Каныш-Кыя айыл аймагына жана жер салыгына 564 328 (беш жүз алтымыш төрт миң үч жүз жыйырма сегиз) сомго Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин жана “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын ченемдерине ылайык келтирүү максатында, жайытка түшкөн каражаттын үчтөн эки бөлүгү 1 145 757 (бир миллион бир жүз кырк беш миң жети жүз элүү жети) сом жайыт инфраструктурасын өнүктүрүү, ошондой эле жайыт комитетин күтүүгө пайдалануу үчүн которулуп берилсин.
4. Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетине караштуу спец техникалар (погрузчик,хоба) Каныш-Кыя айыл аймагынын коомдук муктаждыктарын, бир топ кызматтарын аткаргандыгы үчүн, айдоочунун эмгек акысын жана соц фондко төлөнүүчү төлөмдөрүн, эскилиги жетип жаңысына алмаштырууга зарыл болгон запастык бөлүктөрүн сатып алууга Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 2022-жылга 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Н.Жолдошевге жана Каныш Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |