Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2022-жылдын 11-февралы № 24
“Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасы жөнүндө
“Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын 2021-жыл ичинде аткарган иштери боюнча берген маалыматына ылайык Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын “Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын 2021-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |