Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2022-жылдын 11-февралы № 25
“Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасы кайрылуусун кароо жөнүндө
“Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата тиркемелерге ылайык түзүлгөн бюджеттин жана таштанды чыгаруу үчүн баасын, штаттык бирдигин бекитип берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
Токтом кылат:
1. “Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын башчысы М.Чоңатаевдин кайрылуусу эске алынсын.
2 .”Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата түзүлгөн бюджети 7 175 257 (жети миллион бир жүз жетимиш беш миң эки жүз элүү жети) сомго 1-2-3-4-5-6-7-8-9-10-11-12-13-14-тиркемелерге ылайык бекитилип, анын ичинен 2 181 800 (эки миллион бир жүз сексен бир миң сегиз жуз) сом атайын түшүүчү акча каражатынын эсебинен, калганы жергиликтүү бюджеттен 4 993 457 (төрт миллион тогуз жүз токсон үч миң төрт жүз элүү жети) сом субсидияга берилсин.
3. Таштанды чыгаруу үчүн тарифтик баалары 13-14-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. ”Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата түзүлгөн штаттык бирдиги, Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин штаттык бирдиктеринде кошумча үстөк акылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтомунун 4-пунктунун 4-пунктчасына ылайык төлөп берүү жагы мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилсин жана төмөнкүлөр белгиленсин.
- мамлекеттик жарандык кызматчы жана муниципалдык кызматчы өргүүгө чыкканда ден соолугун чыңдоо үчүн ага эки айлык эмгек акы өлчөмүндө жөлөкпул төлөнөрү;
- бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы зоналарда жашаган жана иштеген мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык үстөк төлөнөрү;
- иштин жашырын мүнөзү үчүн мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайыздык үстөк төлөнөрү;
- жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү болгондо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарына жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген башка үстөктөрдү жана төлөөлөрдү белгилеши мүмкүн экендиги:
5. Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн бюджетинен жана атайын түшүүчү каражаттын эсебинен каржыланган “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын (штаттык бирдиктерине өзгөтүүлөр кирген мекемелер) штаттык бирдиктери токтомдо тиркелген №3 тиркемелерге ылайык өзгөртүү толуктоолор менен бекитилсин жана кызматтык пайдалануу үчүн (КПҮ) колдонулуусу белгиленсин.
6. Атайын түшүүчү каражат эсептен жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн алдындагы “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиги, төрт кызматкерге атайын түшүүчү акча каражатынын эсебинен жана калган кызматкерлерге субцидиянын эсебинен эмгек акысы төлөнүп берилсин.
7. Жергиликтүү бюджеттен жана атайын түшүүчү каражаттын эсебинен каржыланган мекемелердин муниципалдык кызматка кирбеген штат бирдиктерине кошумча үстөк акылар эмгек акынын аздыгын эске алуу менен “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын штат бирдигинде көрсөтүлгөн 5000 (беш миң) сомдон үстөк акыга ылайык төлөп берүү жагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине милдеттендирилсин.
8. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
9. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Чонатаевге жана Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБна милдеттендирилип
11. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |