Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2022-жылдын 11-февралы № 26
Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетине техника алып берүү жөнүндө
Каныш-Кыя жайыт комитетинин 07.02.2022-жылдагы №14 чыгыш сандуу кайрылуусунда көрсөтүлгөн МТЗ-82.1 тракторун жана шаймандарды алуу боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя жайыт комитетинин төрагасы Н.Жолдошевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя жайыт комитетине МТЗ-82.1 тракторун жана шаймандарды жана 1(бир )тонна эспарсет үрөн алуу үчүн 2 500 000 (эки миллион беш жүз миң) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп, сатып алуулар парталына жарыя берүү аркылуу сатылып алынсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Н.Жолдошевге жана Каныш Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |