Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2022-жылдын 11-марты № 2
Балдар музыкалык мектебине ысым ыйгаруу жөнүндө
Каныш-Кыя айылынын тургундарынын балдар чыгармачылык мектебине Сүйүнкул Алиевдин атын коюу боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айылынын тургундарынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылында жайгашкан балдар музыкалык мектебине Чаткал районунун алдыңкы чыгармачыл инсаны, обончу жана аткаруучу Сүйүнкул Алиевдин атын коюуга макулдук берилсин.
3. Мекемеге ысымы берилген жарандын атын жазып, мекеменин көрктөндүрүлүшүнө жана абалына көз салуу С.Алиевдин уул кызына жана туугандарына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл аймагына жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |