Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2022-жылдын 11-марты № 3
Акча каражатынан жардам берүү жөнүндө
Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы М.Козубаевдин 04.03.2022-жылдагы №1-0/03 чыгыш сандуу жана Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Султанбек уулу Расулбектин 03.03.2022-жылдагы № 01-17/01/110 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 55-56 жана 115 беренелерин жетекчиликке алып Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Чаткал айылдык Кеңешинин төрагасы М.Козубаевдин жана Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы Султанбек уулу Расулбектин кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 55-56 жана 115 беренелерине ылайык Чаткал айыл өкмөтүнө 5 000 000 (беш миллион) сом анын ичинен 2022-жылдын II-кварталына 40%, III-кварталына 30%, IV-кварталына 30% акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
3. Ушул токтомго ылайык жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө айылдык Кеңештин токтом долбоору 2022-жылдын 31-майына чейин иштелип чыксын.
4. Каныш-Кыя айыл өкмөтунүн жергиликтүү бюджетинен берилген 5 000 000 (беш миллион) сом акча каражаты жазгы талаа жумуштарына, ирригация тармагына жана бала бакчаларга тамак аш сатып алууга жумшалгандыгы жөнүндө отчеттор акча каражаты которулган күндөн тарта Чаткал айыл өкмөтүнөн ар бир кварталдан биринчи айынын 15-күнүнөн кечиктирилбей суралып турсун.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук
мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |