Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2022-жылдын 11-марты № 4
Карышкыр атууга акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө
Каныш-Кыя жайыт комитетинин төрагасы Н.Жолдошевдин 11.03.2022-жылдагы №18 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл аймагынын тургундарынын мал-жандыктарын карышкыр жана чөөдөн сактоо боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя жайыт комитетинин төрагасы Н.Жолдошевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу айылдардагы тургундардын мал-жандыктарына, карышкыр жана чөөнүн кол салуусуна каршы иш жүргүзүүсүнө кармалган ар бир карышкырдын териси үчүн 6 000 (алты миң) сом жана ар бир чөөгө 3 000 (үч миң) сомдон жалпы 150 000 (жүз элүү миң) сом акча каражаты кызыктыруучу сыйлык катары Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен Каныш-Кыя жайыт комитетине бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук
мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |