Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2022-жылдын 11-марты № 8
ГЭС куруу үчүн жер аянтына уруксат берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун “Кыргыз Энерго” ЖЧКсынын чакан ГЭС куруу боюнча кайрылуусун карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун жана “Кыргыз Энерго” ЖЧКсынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Чакмак-Суу айылынын “Бугу-Арча” участкасынан 531,82 га жер аянтына 38 МВт электр энергиясын өндүрүү үчүн кичи ГЭС курууга жана тийиштүү корутундуларынын негизинде изилдөө иштерин жүргүзүүгө, тактоого макулдук берилсин.
3. Чандалаш участкасынын 130,30 га жер аянтына 12 МВт электр энергиясын өндүрүүгө кичи ГЭС куруу үчүн тийиштүү корутундуларынын негизинде изилдөө иштерин жүргүзүүгө, тактоого макулдук берилсин.
4. “Кыргыз Энерго” ЖЧКсы тарабынан чакан ГЭС куруу боюнча тийиштүү иш кагаздарын тактоо менен иш жүргүзүүгө жана Чаткал райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтунүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |