Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2022-жылдын 11-марты № 9
План алууга уруксат берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун 10.03.2022-жылдагы №01-18/159 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Чаткал райондук мамлекеттик администрация тарабынын уюштурулган “Ата Мекенди коргоо” күнүнө карата иш-чараларга 120 000 (бир жүз жыйырма миң) сом, 8-март “Аялдардын Эл аралык майрамы” күнүнө карата иш-чараларга 60 000 (алтымыш миң) сом жалпы 180 000 (бир жүз сексен миң) сом акча каражатына айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсеп счётуна план алууга жана өз багытында чыгымдоого уруксат берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |