Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2022-жылдын 11-марты № 10
“Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына техника сатып алуу жөнүндө
“Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына түшкөн акча каражатынан (гусеничный эксковатор JCB JS 305 LC\2021\2022 (гидромолот НМ 1850+ пика, дополнительный ковш 0,83 куб), седельный тягач Sinotruk Howo ZZ 4327S3247E, трал полуприцеп WPZ 9302Z, каток Sinomach GYS 182/2022, автосамосвал Sinotruk Howo ZZ 3327N384E, автогрейдер Liu Gong CLG 4215 ) техникаларын сатып алууга уруксат берүү максатында Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIII сессиясы
токтом кылат:
1. “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына түшкөн акча каражатына гусеничный эксковатор JCB JS 305 LC\2021\2022 1 даана (гидромолот НМ 1850+ пика, дополнительный ковш) 0,83 куб), седельный тягач Sinotruk Howo ZZ 4327S3247E 1 даана, трал полуприцеп WPZ 9302Z 1 даана, каток Sinomach GYS 182/2022 1 даана, автосамосвал Sinotruk Howo ZZ 3327N384E 2 даана , автогрейдер Liu Gong CLG 4215 1 даана. Аталган техникаларды алуу үчүн “Айыл Банк” ААКна өтүнмө билдирүү жиберилсин.
2. Аталган техникалардын өздүк баасы бүгүнкү күндөгү АКШ долларынын ($ 99) курсу менен эсептегенде 62 310 600 (алтымыш эки миллион үч жүз он мин алты жүз) сом болгондуктан, 30 %(пайызы) 18 693 180 (он сегиз миллион алты жүз токсон үч мин бир жүз сексен) сом жана ушул техникаларды 5(беш) жылдык мөөнөткө камсыздандыруу үчүн кошумча акча каражаты 996 969,6 (тогуз жүз токсон алты мин тогуз жүз алтымыш тогуз) сом жана баажы алымы үчүн ар бир техникага 200 000 (эки жүз мин ) сом жалпысынан 1 400 000 (бир миллион торт жүз) мин сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен “Айыл Банк” ААКда ачылган Каныш-Кыя Тазалык муниципиалдык ишканасынын транзиттик эсеп счетуна которулсун.
3. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө, “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасы “Айыл Банк” ААКда болгон карызы төлөнбөй калган учурда, төлөө жагын өз кепилдигине алуу жагы милдеттендирилсин.
4. “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасына Айыл Банктан алынуучу аталган техникаларды лизингге сатып алууда кепилдик кат берүүсү айыл аймак башчысына жүктөлсүн.
5. Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги Х сессиясынын 2021-жылдын 22-декабрындагы № 6 токтому жокко чыгарылып, автогрейдер сатып алууга бөлүнгөн акча каражаты ушул токтомдогу автогрейдер алууга төлөнүп берилсин. Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясынын 2022-жылдын 11-февралындагы №7 токтому жокко чыгарылсын.
6. Ушул токтом айылдык Кеңештин депутаттарынын сессиясында “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө ” мыйзамынын 27, 35 жана 39-беренелерине ылайык жазылды.
7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы | М.Аликеев |