Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 8-декабыры № 6
Участкалык милициянын пунктун (УМП) куруу үчүн жер аянтын жана акча каражатын ажыратуу жɵнүндө
Участкалык милициянын пунктун (УМП) курууга жер аянтын ажыратып берүү жана акча каражатын ажыратуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т Эгембердиевдин маалыматын угуп, жана талкуулап Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын 8-сессиясы
1. Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Момбеков айылындагы борбордук маданият үйүнүн күн чыгыш тарабынан Ош-Бишкек жолунун боюнан УПМ куруу үчүн 0,04 га жер аянты ажыратылып берилсин.
3. Долбоордук сметалык документтердаярдалгандан кийин кошумча булактан түшкөн акча каражатынан участкалык милиция пунктун (УМП) куруу үчүн акча каражаты ажыратылып берилисн.
4. Тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Б Жакыбалиевага жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т Эгембердиевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы: | И.Абдыразак уулу
|