Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 9-сессиясы
2022-жылдын 4-февралы № 2
Момбеков айыл ɵкмɵтүнүнүн 2022-жылдын жергиликтүү бюджетти жана 2023-2024-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жɵнүндɵ
Момбеков айыл ɵкмɵтүнүн финансы экономиа бɵлүмүнүн башчысы Ч.Тɵлɵнованын айыл ɵкмɵтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга бюджети жана 2022-2024-жылдарга бюджетинин долбоору боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 9-сессиясы токтом кылат:
1. Момбеков айыл ɵкмɵтүнүн финансы экономика бɵлүмүнүн башчысы Ч.А.Тɵлɵнова айыл ɵкмɵтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга бюджети жана 2022-2024-жылдарга бюджетинин долбоору боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Момбеков айыл ɵкмɵтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга 23475500 сом, 2023-жылга долбоору 24106500 сом жана 2024-жылга 24565500 сомго № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Момбеков айыл ɵкмɵтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашалары 2022-жылга 23475500 сом, 2023-жылга долбоору 24106500 сом жана 2024-жылга 24565500 сомго № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
4. Момбеков айыл ɵкмɵтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022- жылдын 1-январына карата калган калдыгы № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
5. Момбеков айыл ɵкмɵтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022- жылдын 1-январына карата кассалык накталай акча каражат жүгүртүүсү 250000 сом ɵлчɵмүндɵ белгиленсин.
6. Жергиликтүү бюджеттин чыгашалары биринчи кезекте корголуучу статья чыгымдарына (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, тамак аш чыгымы) жана коммуналдык кызмат кɵрсɵтүүлɵргɵ каралсын.
7. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жɵнүндɵгү Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы №78 мыйзамынын 23-беренесине ылайык 2020-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин 1% эсебиндеги 200000 сомдук Момбеков айыл аймагынын айылɵкмɵтүнүн башчысынын резерв фондусу түзүлсүн.
8. Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин түшүүсүнɵ карата жана Финансы Министрлиги тарабынан берилген ɵзгɵрүүлɵрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке ɵзгɵрүүлɵрдү киргизүү бюджеттин натыйжалуулугун кɵтɵрүү жагы финансы экономика бɵлүмүнүн башчысы Ч.Тɵлɵновага жүктɵлсүн.
9. Жалпы ата-энелер чогулушунун токтому бекитилип балдар бакчасынын ата-энелер тɵлɵмү айына бир балага 700 (жети жүз) сомдон, ал эми жылына 2 500 000 (эки миллион беш жүз миң) сом план каралсын.
10. ЖƟБнүн КРнын мыйзамынын 37-берене 6-пунктуна жана кеңештин 2013-жылы VIII сессиясынын №1 токтомуна ылайык кеңештин тɵрагасына компенсация ɵткɵргɵн ар бир сессиясына 5 күндүк эмгек акы тɵлɵп берилсин.
11. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Момбеков айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктɵлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы: | И.Абдыразак уулу |
| Момбеков айыл аймагынын Момбеков ХХVIII чакырылышынын 9-сессиясынын № 2 токтомунун №1 тиркеме |
2022-жылга бюджетти жана 2023-2024-жылдарга бюджеттик кирешелери
Кирешелердин аттары | 2022-жыл | 2023-жыл | 2024-жыл |
Киреше салыгы | 14685,0 | 15316,0 | 15775,0 |
Ыктыярдуу патент | 770,0 | 770,0 | 770,0 |
Кыймылсыз мүлккɵ салык | 70,0 | 70,0 | 70,0 |
Транспорт салыгы | 1320,0 | 1320,0 | 1320,0 |
Там арка салыгы | 190,0 | 190,0 | 190,0 |
Айыл чарба багытындагы жер салыгы | 832,5 | 832,5 | 832,5 |
Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы | 725,0 | 725,0 | 725,0 |
Лицензия кармоочуулардан тɵлɵмү үчүн | 113,0 | 113,0 | 113,0 |
Калктуу пунктардан түшүүчү салык | 70,0 | 70,0 | 70,0 |
Кайра бөлүштүрүү ижара акысы | 2200,0 | 2200,0 | 2200,0 |
Жайыт ижара акысы | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
Жалпы салык эмес жыйымдар | 20975,5 | 21606,5 | 22065,5 |
Атайын каражат | 2500,0 | 2500,0 | 2500,0 |
Бардык кирешелер | 23475,0 | 24106,5 | 24565,5 |
Айылдык кеңештин төрагасы: | И.Абдыразак уулу |
| Момбеков айыл аймагынын Момбеков ХХVIII чакырылышынын 9-сессиясынын № 2 токтомунун № 2 тиркеме |
2022-жылга бюджетти жана 2023-2024-жылдарга бюджеттик чыгашалары
Мекемелердин аталышы | 2022-жыл | 2022-жыл | 2023-жыл |
Мамлекеттик тейлɵɵ тармагы | 8258,0 | 8509,0 | 8709,0 |
Билим берүү тармагы | 6448,8 | 6698,8 | 6908,8 |
анын ичинен : |
|
|
|
Балдар бакчасына | 3618,8 | 3738,8 | 3838,8 |
Мектептерге | 2830,0 | 2960,0 | 3070,0 |
Маданият тармагына | 898,7 | 1028,7 | 1077,7 |
анын ичинен : |
|
|
|
Китепканага | 265,6 | 315,6 | 335,6 |
Маданият үйүнɵ | 501,2 | 551,2 | 571,2 |
Парк культура | 131,9 | 161,9 | 170,9 |
ЖКХ | 5370,0 | 5370,0 | 5370,0 |
Жыйынтыгы бюджеттик чыгашасы | 20975,5 | 21606,5 | 22065,5 |
Атайын каражат | 2500,0 | 2500,0 | 2500,0 |
Жалпы чыгаша | 23475,5 | 24106,5 | 24565,5 |
Айылдык кеңештин төрагасы: | И.Абдыразак уулу |
| Момбеков айыл аймагынын Момбеков ХХVIII чакырылышынын 9-сессиясынын № 2 токтомунун № 3 тиркеме
|
Момбеков айыл ɵкмɵтүнүн жергиликтүү бюджетинин 01.01.2021-жылга калган 5781262 сом калдыкты бɵлүштүрүү боюнча эсеби
Аппарат
Берене 2215 1-кв
№ | Аталышы | Сумма |
1 | Накталай акча жүгүртүүгɵ | 250000 |
| Жыйынтыгы: | 250000 |
Берене 3111 1-кв
№ | Аталышы | Сумма |
1 | Кыла айылына участкалык милиция пункт курууга | 1400000 |
| Жыйынтыгы : | 1400000 |
Берене 3111 Школа 1 кв
№ | Аталышы | Сумма |
1 | № 17 орто мектебинин системасын жана эшик терезелерин алмаштырууга өздүк салымга | 1381262 |
| Жыйынтыгы : | 1381262 |
Берене 3111 СДК 1 кв
№ | Аталышы | Сумма |
1 | Кыла маданият үйүнүн капиталдык ремонт иштерине (ДОП СМЕТА) | 1500000 |
| Жыйынтыгы : | 1500000 |
Берене 2222
№ | Аталышы | Сумма |
1 | Кыла маданият үйүнө отургучтарды занавеска жана сахнаны жасалгалоо | 1250000 |
| Жыйынтыгы : | 1250000 |
| Жалпы жыйынтыгы: | 5781262 |
Айылдык кеңештин төрагасы: | И.Абдыразак уулу |
| Момбеков айыл аймагынын Момбеков ХХVIII чакырылышынын 9-сессиясынын № 2 токтомунун № 4 тиркеме
|
Момбеков айыл ɵкмɵтүнүн каражат эсебинде 01.01.2022-жылга калган 603430 сом калдыкты бөлүштүрүү боюнча эсеби
Дет сад
Берене 2222 1-кв
№ | Аталышы | Сумма |
1 | Наристе балдар бакчаснын ашканасына плита алып берүүгө | 80000 |
2 | Гүлкайыр балдар бакчасынын ашканасына муздаткыч духовка жана актовый залга телевизор алып берүүгө | 75000 |
3 | Гүлзар балдар бакчасына муздаткыч 2 шкаф алып берүүгө | 65000 |
4 | Балдар бакчаларына шейшептерин алып берүүгө | 250000 |
5 | Баалдар бакчаларынын чарбалык иштерине хоз, товар алып берүүгө | 133430 |
| Жыйынтыгы: | 603430 |
Айылдык кеңештин төрагасы: | И.Абдыразак уулу |